Жаңылыктар
"Ош Нуру" мейманкана комплекси мамлекет эсебине өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Ош Нуру" мейманкана комплекси мамлекет эсебине өттү

Ош шаарындагы "Ош Нуру" мейманкана комплекси мамлекет эсебине өткөнүн бүгүн УКМК маалымдады.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош шаарында жайгашкан, болжолдуу баасы 18 млн. АКШ долларынан ашуун, 0,8 гектар жер тилкеси бар "Ош Нуру" мейманкана комплекси өткөрүлүп берилди.


 Учурда УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.