Бүгүн Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балатысы өттү. Ага көп балалуу, аз камсыз, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн, ата-эне камкордугунан ажыраган, майыптыгы бар жана окуусунан, спорттон ийгилик жараткан 260 бала чакырылган.
Балдарга арналган салтанатка өкүлдүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышып, бөбөктөрдү жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук жана бактылуулук тилеп, облус жетекчисинин атынан белектерди тапшырды.
Облустук бийликтин резервдик фондунан 370 балага жаңы жылдык белектер даярдалган. Бул үчүн 570 миң сом бөлүнгөн. Ал эми "Кумтөр Голд Компани" жабык акиционердик коомунан 200, кыргыз-кытай биргелешкен " Жонг Жи Майнинг" компаниясы тарабынан 100 балага белектер даярдалган.
Салтанатта театрдын өнөрпоздору даярдаган "Селсаяк музыканттар" жомогу тартууланып, таланттуу балдардын ыр-бийлери менен коштолду.
Жаңы жылга арналган балаты майрамы бардык райондордо өтүп жатат, облус боюна жалпы 3 миңдей балага жаңы жылдык белектер даярдалган.