Президент Садыр Жапаров Айбек Молдогазиевди Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындаган жарлыкка кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Айбек Молдогазиев 2022-жылдын февралынан азырга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп келген. Ал 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ТИМдин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси болуп баштаган, 51 жашта.
Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Өлкөнүн АКШдагы буга чейинки элчиси Бактыбек Аманбаев быйыл 25-октябрда кызматтан алынган. Ал элчилик кызматка 2021-жылдын апрелинде дайындалган эле.