Жаңылыктар
Быйыл өлкөдө табият кырсыктарынан миңден ашуун үй жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл өлкөдө табият кырсыктарынан миңден ашуун үй жабыркады

Кыргызстанда жыл башынан бери 130 табигый кырсык катталды. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Министрдин айтымында, кырсыктын көпчүлүгү сел жана суу ташкындары болду: “Климаттын өзгөрүшү биздин ар бир жаранга түзмө-түз таасирин тийгизип жатат. Кырсыктар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө көп болууда. Табигый кырсыктын күчү ушунчалык күчтүү экен, даярдыкка дагы карабайт экен”, - деген министр табият кырсыктарынан миңден ашуун жарандын үйү жабыркап, 67 адам каза болгонун кошумчалады.

Мындан тышкары бир топ үйлөр капиталдык оңдоого муктаж болгон. Жалпысынын техногендик жана башка кырсыктарды эсептегенде, өлкөдө бир жыл ичинде 3 миң 700 өзгөчө кырдаал катталган.