Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык 26-декабрь күнү саат 23:22де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Лангар айылында 2,5 баллга (Лангар айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Эгин-Жай айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Өтөк айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 95 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.