Жаңылыктар
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Президент Садыр Жапаров бүгүн бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдириди.

Анын айтымында мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.

Иш-чара УТРКнын "Ала-Тоо-24" каналы жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүүнүн башталышы — 12:00.