Жаңылыктар
Садыр Жапаров – Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы аскер бөлүктөрүнө күжүрмөн тууларды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров – Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы аскер бөлүктөрүнө күжүрмөн тууларды тапшырды

Президенти – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда,  Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө үч аскер бөлүгүнө күжүрмөн тууларды тапшырды. 

Мамлекет башчысы Баткен облусунда 2,5 миллиард сомдук заманбап аскердик шаарчалардын, турак үйлөрдүн жана бала бакчалардын курулушу аяктап жатканын белгилеп, бул иш-чаралар аскер кызматкерлери үчүн шарттарды жакшыртууга багытталганын баса көрсөттү. 

Мурас айылындагы №35524 аскер бөлүгүнүн курулушу аяктап калды, ошондой эле Рават айылындагы № 12545 аскер бөлүгүндө иштер уланууда.  

Мындан тышкары Бужум айылында № 52870 аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү үчүн алардын социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу максатында 60 батирлүү турак жай салынып жатат. 

Садыр Жапаров № 12861 аскер бөлүгүндө баасы 47 миллион 863 миң сомдук аскер техникаларын оңдоо жана тейлөө базасы ачылганын айтты. Ал бул база аскердик техниканы өз алдынча оңдоого, калыбына келтирүүгө жана күжүрмөн даярдыкта кармоого, ошондой эле квалификациялуу адистерди даярдоого мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Буга чейин мындай иштер кыйынчылыктарды жаратчу, эми аларды толугу менен өз алдынча жасоого болот. 

Мамлекет башчысы заманбап аскердик технологияларды, анын ичинде учурдун талабына жооп берген учкучсуз учуучу жабдууларды чогултууну жолго коюу пландары тууралуу айтып берди. 

Ал үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин пенсиясы жогорулатылганын канааттануу менен белгиледи. 

Президент аскер кызматкерлерине кайрылып, күжүрмөн тууларды ыйык сактоого чакырып, алар Мекенге ак ниет кызмат өтөшүнө ишеним артып, өлкөнүн чек арасында тынчтык, элибизде бакубатчылык болушуну каалады. 

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров аскердик бөлүктүн абалы менен таанышты.