Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн. долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты. Натыйжада 140 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Ишканалар 30-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун онлайн катышуусунда ачылды.
Алар: Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына курулган «Белес» чакан ГЭСи, Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан этти кайра иштетүүчү цех, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Мурзакарим” ЖЧКсынын темир бетон заводу, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКсынын шагыл майдалоочу цехи, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында таш майдалоо жана бетон чыгаруу цехи жана ушул эле айыл аймактагы “Табышкер” ЖЧКсынын Үч-Коргон көмүр кени.
Буга чейин Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 31-августта облуста 7 объект ачылган. Андан соң, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылып, пайдаланууга берилген.
Учурда облуста дагы 4 типтүү мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул тууралуу Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.