Жаңылыктар
Орусиядагы кыргыз мигранттары эки эседей азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиядагы кыргыз мигранттары эки эседей азайды

Кыргызстанда чоң долбоорлор башталган сайын жаңы иш орундары түзүлүп, чет жердеги мекендештерибизди өлкөгө тартуу аракеттери болууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди.

Министр Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууда кеминде 30 миңге жакын ар түрдүү деңгээлдеги иш орундар түзүлөрүн да белгиледи.

“Камбар-Ата-1 ГЭСине 5 миңден 12 миңге чейинки жумушчулар керек болот. Ошондуктан өзүбүзгө жумушчу ресурстар керек, мекендештерибизди өлкөгө тартканга аракет кылуудабыз. Оруиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын аягында 650-700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар болсо алардын көбү Түрия, АКШ жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кетишти”,- деди министр Кулубаев.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Орусияда мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөн 350 миңдей кыргызстандык мигрант бар.