Ат-Башыда полиэтилен баштыгы жана желим бөтөлкөлөр эритилип, кум аралашмасы менен брусчатка чыгарыла баштады.
30-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин аралыктан катышуусунда ишкананын кызыл тасмасы кесилип, колдонууга берилди. Долбоорго Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 млн. 500 миң сом, ал эми АРИС "АИД-3 кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында 4 млн. 100 миң сомго таштандыны кайра иштетүүдө керектелүүчү жабдуулары алынган. Ишканада 5 жаңы жумуш орун түзүлүп, бир айда болжол менен беш миңге чейин брусчатка чыгаруу мерчемделүүдө.
Аталган ишкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата республика боюнча пландаштырылган 100 объектинин катарында. Жыл ичинде Нарын облусунда жалпы 17 объект ачылып, анын ичинен 11и социалдык объект болсо, жетөөсү – экономикалык объект.