Жаңылыктар
Актаудагы авиакырсыкта жабыркаган жарандарыбыз Бишкекке алып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Актаудагы авиакырсыкта жабыркаган жарандарыбыз Бишкекке алып келинди

Казакстандын Актау шаарында болгон авиакырсыктан жабыркаган 3 жаран Кыргызстанга алып келинди. Учурда алар Улуттук госпиталда дарыланууда. Алардын экөө нейротравматологияда, дагы бирөө реанимацияда жатат. Анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандыраарлык. Тилек Осмонов жана Эрлан Жунушалиевдин экөөнүн тең мээси чайкалган. Тилек Осмоновдун колунда жаракат болгондуктан атайын гипс салынган. Белин кокустатып алган экинчи бейтап учурда өзүн жакшы сезип калганын айтты.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан үчүнчү бейтап Ринат Асанов адистердин такай көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Анын баш мээси чайкалып, бир нече айкалышкан травма алган. Кабыргасы сынгандыктан өпкөсүн кысып калган. Казакстанда туура тандалган интенсивдүү терапиянын жардамы менен кыргызстандык бейтап травматикалык шоктон кийин эсине келип, жакындарын таанып баштагандан кийин гана жолдо жүрүүгө уруксат берилген.

Казакстандагы авиакырсыкта жабыркаган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен атайын борт бөлүнгөн. Улуттук госпиталдын эки реаниматолог дарыгери кошо барып, бейтаптарды алып келишкен.

25-декабрда Баку-Грозный каттамында бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Орусиянын 16 жараны болуп, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 38 каза болуп, калганы аман калган.