Жаңылыктар
Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери пара менен кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды.  Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда УКМК маалымдады.

Маалыматка караганда, 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү менен (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) кылмыш иши козголду.