Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөлөрдүн  лидерлери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Чет өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду  жана кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Россиянын Президенти Владимир Путиндин куттуктоосу
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Чын жүрөктөн чыккан Жаңы жылдык куттуктоолорду кабыл алыңыз. Россиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери абдан ийгиликтүү өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда активдүү кызматташып, КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.
Биз, албетте, конструктивдүү эки тараптуу байланыштарды андан ары арттыруу, ошондой эле Евразия мейкиндигинде өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен тыгыз иштерди улантабыз.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы 2025-жылы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына - бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, бактылуу жаңы жыл болушун каалап, даректүү кат жөнөттү.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Келе жаткан 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Боордош кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн Сизге көөнөрбөс энергия жана жоопкерчиликтүү ишиңизге чоң ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Сизди жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элин келе жаткан жаңы — 2025-жыл менен куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдоо мага чоң кубаныч тартуулайт.
Сиздин жетекчилигиңиз астында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында боордош Кыргызстанда бүгүнкү күндө бардык чөйрөлөр динамикалуу өнүгүп жатканына биз абдан кубанычтабыз.
Бекем саясий эрк жана биздин биргелешкен аракеттерибиздин жана умтулууларыбыздын жемиштүү болушу менен катар акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелери барган сайын тереңдеп баратканын баса белгилеп кетким келет.
Баарын камтыган жана узак мөөнөттүү кызматташтык мамилелер боордош элдерибиздин жалпы жыргалчылыгы үчүн өз ара ишеним, урматтоо жана колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы 2025-жыл менен куттуктады.
“Узап бараткан 2024-жылы тажик-кыргыз мамилелеринин маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттерибиздин оң натыйжаларын канааттануу менен белгилегим келет.
Бул процессти достук, ынак коңшулук, түшүнүү, өз ара урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу илгерилетүү максатында бардык деңгээлдерде конструктивдүү диалогду улантууга бекем ниеттебиз.
Мындан ары да биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди бекемдөөгө жана аларды биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына ылайык жаңы практикалык мазмун менен толтурууга ар тараптан көмөк көрсөтөбүз деп ишенем.
Сизге чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине – тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун  куттуктоосу
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы жыл менен куттуктады.
"Сизди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден соолук, бардык иштериңизге жана башталыштарыңызга чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. Жаңы жыл баарыбызга бакыт жана бакубатчылык алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
"Сизди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана жакшы тилектеримди билдирем.
Узап бараткан 2024-жыл азербайжан-кыргыз мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо жагынан ийгиликтүү жыл болду. Жыл бою өз ара сапарлар, көптөгөн достук жана чын ыкластуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар натыйжалуу жана жемиштүү болду. Ушул жылдын апрель айында Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарыңызды канааттануу менен эстейм, анын жыйынтыгын жогору баалайм.
Келе жаткан 2025-жылы боордош элдерибиздин ортосундагы биримдик жана тилектештик дагы бекемделет деп ишенем. Жалпы тарыхый жана маданий тамырлар, өз ара ишеним жана колдоо сыяктуу принциптердин негизинде бекем курулган азербайжан-кыргыз мамилелери жаңы мазмун менен байытылып, өлкөлөрүбүздүн жана жалпы эле региондун туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Келе жаткан Жаңы жылга байланыштуу Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден соолук жана бакыт-таалай, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.