Нарын облусунда 31-декабрь түнкү жаңы жылдык майрам тынч өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы билдирет.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук шаардык бөлүмдөрдүн өздүк курамы өткөн жылдын 30-декабрынан баштап күчөтүлгөн тартипте кызматта болушту.
Коомдук коопсуздукту сактоого облус боюнча 500гө жакын милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар тартылды.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан жайларда жана эл көп чогулган аймактарда тартипти көзөмөлдөөнү камсыз кылды. Натыйжада облус аймагында жалпы 32 материал катталып, анын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок, азыркы учурда абал туруктуу.
Тартип сакчылары 2-январга чейин күчөтүлгөн кызматта болушат.