Жаңылыктар
Нарында жаңы жыл түнү төрт ымыркай төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жаңы жыл түнү төрт ымыркай төрөлдү

Жаңы жыл түнү Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө төрт наристе жарык дүйнөгө келди.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушери Нарынкүл Дарбышкееванын айтымында, алардын бири операция жолу менен төрөлдү. Наристелердин үчөө уул, бирөө кыз. Азыркы тапта балдар менен энелердин абалы жакшы.

Учурда аталган бөлүмдө 16 эне дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.