Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады

Бүгүн 7-январда КР Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады. Куттуктоону кыргызча которуп беребиз.

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кымбаттуу христиандар!

Сиздерди жарыкты, үмүттү жана сүйүүнү символ туткан Рождество майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул улуу майрам бизге мээримдүүлүктү, боорукерликти, жакындарга кам көрүүнү, ар бирибиз коомдогу тынчтык жана гармония үчүн жоопкерчиликтүү экенибизди эске салып турат. Рождество майрамы дүйнөдөгү миллиондогон адамдарды кайрымдуулуктун, биримдиктин жана акыйкаттыктын айланасында бириктирет.

Кыргызстан өзүнүн көп кылымдык тарыхы, конфессиялар аралык тилектештик салты жана элдердин достугу менен сыймыктанат. Биздин өлкөбүз — өз ара сыйлашуу менен достукта жашаган ар кандай маданият менен дин өкүлдөрү үчүн өз үйү болуп келет. Ушул гармония биздин байлыгыбыз, биз аны сактоого, сыйлоого жана кийинки муундарга берүүгө милдеттүүбүз.

Бүгүнкү майрам күнү православ коомчулугунун биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымын өзгөчө белгилегибиз келет. Сиздердин эмгек, руханий кызматыңыздар, жакшылыкка жана жаратмандыкка умтулууңуздар бийик идеалдарга бекемдигиңиздердин анык үлгүсү болуп келүүдө.

Рождество майрамынын жарыгы сиздердин жүрөктү эргүүгө жана кубанычка толтуруп, үйлөрүңүздөргө тынчтыкты жана бакубаттыкты алып келсин. Ар бирибиз муктаж болгон адамдарга тирек болуп, айланабыздагылар менен жылуулукту, жарыкты бөлүшө билели.

Сиздерге бекем ден соолук, тынччылык жана бакыт каалайм. Жаңы жыл сиздерге, үй-бүлөңүздөргө кубаныч, ийгилик жана өнүгүү алып келсин!»