Бүгүн, 8-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 10:00до алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.