Бүгүн, 8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алгач грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.
Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар күч сынашат.
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.