Акыркы күндөрү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көбөйдү. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, соңку бир сутканын ичинде 317 киши кайрылып, алардын арасынан 123 адам ооруканага жаткырылды. Анын 114ү балдар, 9у чоң кишилер. Учурда ооруканада 606 бейтап дарыланып жатат.
Башкы дарыгердин орун басары оорукана 500 гана бейтапка ылайыкташканын, бирок кайрылгандар көп болгондуктан орун жетпей калган бейтаптарды коридорлорго да жайгаштырууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Ооруканага жаткырылгандардын көбү курч респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандар. Андан кийин кызамык, көк жөтөл жана башка илдеттер менен ооругандар.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган бейтаптар жаңы жылдын башынан тарта көбөйүп, узун кезек пайда боло баштаган.