Ош облусунда баасы 500 млн. сомдон ашуун, аянты 32 га болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн.сомдон ашык 32 га жер тилкеси Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.