Өлкөдө 11-январь, ишемби жумуш күнү деп эсептелет.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
3-январдагы эс алуу күнү үчүн 24-февралда, 6-январдагы эс алуу күнү үчүн 10-мартта иштөөгө туура келет.
Белгилей кетсек, КР жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу менен майрам күндөрүн жылдыруу практикасын алып салуу пландаштырылууда.