Өлкөдө жаңы жылдын алгачкы аптасында сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга (КРВИ) чалдыккандар мурдагы аптага салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.
Анын айтымында, бул аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциянын 4 миң 245 жана сасык тумоонун 16 учуру катталды. Бул өткөн аптага салыштырмалуу 1,9 пайызга аз.
Бирок өлкө боюнча оору орточо эсептен эки эсе көп болуп жатат. Сасык тумоонун жана КРВИнин төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен эл арасында бул ооруларга байланышкан кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү уланууда.