Жаңылыктар
Президент автотранспорт салыгы толугу менен жоюлганын билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент автотранспорт салыгы толугу менен жоюлганын билдирди

Президент Садыр Жапаров өлкөдө автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, бул боюнча Жарлыкка кол койгонун бүгүн Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Бул чечим “Жол фонду жөнүндө" мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин, же дизелден бир сомдон алына баштады”, - деп жазды президент.

Өлкө башчысы мындан тышкары 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бергенин билдирди: “Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик (2022-жылдын 1-январына чейинки салыктар текшерилбейт)”.

Президент ошондой эле ЭТТН боюнча жумуш тобу түзүлгөнүн, алар бир ай ичинде сунуш менен келишерин белгилеп, мындан сырткары дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылганын айтты: “2030-жылга чейин дыйкандарга сугат суу маселесин чечип бүтөбүз, БСР, БДРларды курабыз, каналдарды толук тазалап, керектүү жерлерге жаңыларын куруп беребиз. Кыскасы дыйкандарга суу маселесин чечип беребиз. Ошондон кийин анан жер салыгын кайра жандандырабыз”.

Өлкө башчысы сөзүнүн соңунда салыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, жарандарды салыкты убагында төлөп турууга чакырган:

“Салыктардын эсебинен мамлекет кармалып турат жана күчтүү болот. Эмгек акылар, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды экенин унутпаңыздар.

Салык төлөбөй жүрө берсек кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө бул ар бир жарандын ыйык милдети. Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат.

Ошондуктан бизде да салык ыйык болуш керек. Мындан ары салыктарды өз убагында төлөп туруңуздар”.