Жаңылыктар
Бишкекте курулуп жаткан көп кабат үйдөн 15 батир мамлекет эсебине алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте курулуп жаткан көп кабат үйдөн 15 батир мамлекет эсебине алынды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин пайдасына алынды.

Тактап айтканда, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат. Маалыматка ылайык, жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон.

Мындан улам, колдо болгон материалдарды колдонуу менен курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метрди түзгөн (баасы 89 миллион 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландаштырылган.

Учурда УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз өткөрүп берүү жана сатып алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер улантылып, укукка каршы жосундарды жасоого көмөк көрсөткөн кызмат адамдары жана башка адамдар такталууда.