Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын 40 орунга ылайык жугуштуу оорулар бөлүмүндө сасык тумоонун курч кармаган түрү менен 52 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен алтоосу чоң адамдар, калганы беш жашка чейинки балдар.
Аталган бөлүмдүн башчысы Калбүбү Касмалиева оорунун белгилерине токтолуп, сасык тумоо балдар арасында көп катталып жаткандыктан, бул мезгилде ата-энелер эч жакка чыкпай үйлөрүндө болсо деп белгилейт.
“Сасык тумоо жыл сайын жүрүүчү оору. Бирок быйыл курч кармап, 5 жашка чейинки балдар көп ооруп жатат. Келгендердин көбү дене табы көтөрүлүп, көзүнөн жаш, мурдунан суу куюлуп, тамагы кызарып ириңдеп, өпкөсүнө түшүп пневмония болуп келишүүдө. Азыр дарыланып жаткан 52 бейтаптын 20дан ашыгы пневмония болгондор. Дем алганы оорлошуп, сатурациясы түшүп келгендер бар. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу курч өтүүдө. Сасык тумоо күчөп жатканда ата-энелер балдарын алып конокко барбай эле үйлөрүндө болгону дурус. Оору башталганда эле антибиотик бербей, бат-бат суюктук берип бейтапты тыкыр караш керек. Суюктук көп ичсе эле организм өзү айдап чыгат”, - дейт дарыгер Касмалиева.
Ал эми Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Нуржан Бакалова жаңырган жылдын алгачкы жумасында облуста КРВИнин (курч респиратордук вирустук инфекция) 176 учуру катталып, 62 пайызы 14 жашка чейинки балдар арасында аныкталганын кошумчалады.
“Сасык тумоо жыл сайын эле катталуучу оору. Негизинен жылдын 46-жумасында оору күчөйт. Бул метапневмовирус эмес, дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Алдын алуу үчүн бардык саламаттыкты сактоо мекемелерине санитардык көрсөтмөлөр берилди. Адамдар көп чогулган жерге барбай, оору белгилери байкалган болсо дароо дарыгерге көрүнүү зарыл. Колду бат-баттан жууп, үйдү эки маал желдетүү жана коомдук жайларда беткап тагынуу, антисептик колдонуу керек”, - деди Нуржан Бакалова.
2024-жылы облуста сасык тумоонун 10 миң 214 учуру катталып, 1.5 пайызга көп болгон. Булардын ичинен 6 миң 395и, же 63 пайызы 14 жашка чейинки балдар арасында катталган.