Жаңылыктар
Жол фондуна төлөнчү бир сомдон 2 миллиард сомдой топтолуусу күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жол фондуна төлөнчү бир сомдон 2 миллиард сомдой топтолуусу күтүлүүдө

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жол фонду үчүн алынчу акчадан жылына бюджетке 1 млрд. 800 миллион сом түшөрү болжолдонууда. Автоунаа салыгынан болсо буга чейин жылына 1 млрд. 200 миллион сомдой чогулчу.

Бул тууралуу УТРК сайтына Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, Жол фондуна алынчу күйүүчү майдын ар бир литри үчүн бир сомду төлөө жарандарга эч кандай түйшүк алып келбейт. Анткени аны күйүүчү майды өлкөгө тыштан ташып келген ишкерлер төлөйт.

“Жарандар күйүүчү майды кандай алып келсе ошондой эле сатып ала берет. Эч кандай өзүнчө төлөм болбойт. Маселен, 20 литр сатып алса, 20 сомду кайда төлөйм деген маселе жаралбайт”, - дейт Кубанычбек Ысабеков.

Президент Садыр Жапаров кечээ өлкөдө автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, бул боюнча Жарлыкка кол койгонун жарыялаган. “Бул чечим “Жол фонду жөнүндө" мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин, же дизелден бир сомдон алына баштады”, - деп жазган президент.