Нарын облусунда былтыр жол коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга 45 миллион 758 миң 500 сом айып салынган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка таянсак, 2024-жылдын 12 айында 24 миң 82 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузган. Анын ичинен 501 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүрүп кармалып, 345и айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Ал эми 35 айдоочуга 3-5-7 күндүк камак түрүндөгү жаза чарасы колдонулган.
Жол эрежелерин бузган айдоочуларга жалпы 45 миллион 758 миң 500 сом айып салынып, анын 80 пайызы өндүрүлгөн.