Нарын облусунда 24 мектеп директорунун ордуна декабрь айында өткөрүлгөн сынакта 7 талапкер гана сынактан өткөн. Азырга чейин 17 мектептин директорлук орундары бош турат.
Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев маалымдагандай, эми Ат-Башы районунда 1, Жумгал районунда 5, Кочкор районунда 7, Нарын районунда 4 мектептин директорлук бош орундарына кайра сынак өткөрүлөт.
Ал эми Ак-Талаа районунда 7, Ат-Башыда 6, Жумгалда 7, Кочкор районунда 7, Нарын районунда 12, Нарын шаарында 1, жалпы 40 бала бакчанын директорлук орундары бош. Буга чейин өткөн сынакта 19 талапкер жетиштүү упай топтоп, бакча башчылыгына дайындалган.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 12-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Анын максаты жалпы орто билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болгон. Ага ылайык бардык мектеп жана бала бакча директорлору ачык сынактын негизинде тандалып, тандоонун жыйынтыгы менен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.