Жаңылыктар
«Асман» авиакомпаниясы алгачкы Ош – Каракол - Ош каттамын аткарды
Кыргызстан жаңылыктары
«Асман» авиакомпаниясы алгачкы Ош – Каракол - Ош каттамын аткарды

9-январда Asman Airlines компаниясынын учагы Ош - Каракол - Ош багыты боюнча алгачкы каттамын жасады. 

Алгачкы каттам менен Караколго Оштон 50гө жакын жүргүнчү келди. Алар дээрлик Ысык-Көлдүн кышкы табиятына суктанып, эс алууга келгендер.

 Бул каттам ар бейшемби жана жекшемби күндөрү жасалып, учуу убакытсы 1 саат 20 мүнөткө созулат. Билет баасы 4100 сомдон башталат.