Жаңылыктар
Абхазия менен Армениядан келген автоунаалар мыйзамдаштырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Абхазия менен Армениядан келген автоунаалар мыйзамдаштырылат

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген, тагыраагы өлкөдө Армения, Абхазия жана Орусиянын номурлары менен жүргөн автоунааларды легалдаштыруу башталганы турат.

Президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети эки ай ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алууга жана алты ай ичинде аны ишке ашырууга тийиш.

Өлкө башчынын былтыр жыл соңунда -  2024-жылдын 31-декабрында кол койгон жарлыгына ылайык, биринчи кезекте документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи баскычта документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Ошондой эле документтери жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бул иштер кыймылдуу мүлктү сатып алуу жараянын ачык-айкын жүргүзүү жана автотранспорт ээлеринин укугун коргоо максатында жасалууда.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Армения менен Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин, алардын көбү автоунаанын тетиги деп алынып келгенин жана 90 пайызынын документи жоктугун былтыр 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.