Кыргызстанда өткөн жылдын соңунда бензин 3 сомго, жаңы жылдын 9-январында дагы 3 сомго арзандады.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов муну Орусияда жыл аягында күйүүчү майдын дүң баасы төмөндөшү менен байланыштырып, бул сезондук көрүнүш экенин белгилөөдө.
“Мындай арзандатуу жыл соңунда калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүлүк колдонгон АИ-92 бензини азыр ар кайсы компанияда ар кандай баада сатылып жатат. Өлкөдө орто эсеп менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензин учурда 62 сомдон болууда”, - деген Канатбек Эшатов бензиндин баасы Орусиядан көз каранды экенин, ал тарап бааны көтөрсө, кайра бизде да бензиндин баасы жогорулай турганын кошумчалады.