Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги биргелешкен издөө иш-чараларынын натыйжасында Молдовада 1965-жылы туулган Х.Х. аттуу Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган (кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмыш жасады деп айыпталууда.
Тактап айтканда Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандан чоң суммадагы акча каражатын тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары, Х.Х. дагы бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шектелүүдө.
ИИМ тараткан маалыматтагы Х.Х. деген инициалдагы киши Хайдарали Халиков экени айтылууда. Ал коомчулукка Айдар Халиков деген ат менен белгилүү.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселеси каралууда.