Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жоктугун Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
“Мектептердеги кышкы эс алууну узартуу чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде кабыл алынат. Азырынча аны узартууга негиз жок. Окуучулардын каникулу белгилегендей эле 12-январда аяктайт”, - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
2024-2025-жылдар үчүн окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки аптага созулуп, 3-чейрек 13-январда башталат.