Жаңылыктар
Газ менен жүрчү автоунаалардан Жол фондуна акча алуу маселеси каралышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Газ менен жүрчү автоунаалардан Жол фондуна акча алуу маселеси каралышы мүмкүн

Кыргызстанда жаңы жылдан тарта сатылган күйүүчү майдын ар бир литринен Жол фонду үчүн бир сомдон алына баштады. Ошол эле учурда автотранспорт салыгы жоюлду. Бирок коомчулукта электромобиль жана газ менен жүргөн унаалардан Жол фонду үчүн төлөм алынар-алынбасы боюнча суроолор көп.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, электромобилдер буга чейин эле “жашыл экономикага” оң таасирин тийгизет деп эсептелип, мүлк салыгынан бошотулган. Газ менен жүргөн унаалар үчүн болсо автотранспорт салыгы бар эле. Эми ал салык жоюлду. Бирок күйүүчү майдын литринен алынган төлөмдөй газдан төлөм алуу маселеси да алдыда каралышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин өлкөдө автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, бул боюнча Жарлыкка кол койгонун жарыялаган. “Бул чечим “Жол фонду жөнүндө" мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин, же дизелден бир сомдон алына баштады”, - деп жазган президент.