Жаңылыктар
Базар-Коргондо системалуу түрдө пара алууга шектелген салыкчы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргондо системалуу түрдө пара алууга шектелген салыкчы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген О.С.А. аттуу жаран кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү ("пара алуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу  жөнүндө маалымкат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.

Сот органдарынын уруксаты менен О.С.А.нын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

2024-жылдын 31-декабрында Президент Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алган бул мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.