Жаңылыктар
Мамлекет аялдар ишкердигине колдоону күчөтөт. Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет аялдар ишкердигине колдоону күчөтөт. Мыйзамга кол коюлду

“Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2024-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жана милдети аялдар ишкердигине болгон мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасында аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам ишкердик субъектилери болуп саналган ишкердик иш-аракетти караган “аялдардын ишкердиги” аныктамасын киргизүүнү белгилейт, алар:

– ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;

– акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51 пайыздан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык жана штаттык кызматкерлеринин 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.