Жаңылыктар
Бишкекте калган троллейбустар электробуска айланат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте калган троллейбустар электробуска айланат

Бишкек мэриясы каттамдан чыгарылган 52 троллейбусту электробус катары кайра жасап чыгууну көздөөдө.

Бул тууралуу калаа башчынын транспорт жана жол маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев бүгүн Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунда суроолорго жооп берип жатып билдирди: “Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде троллейбустарды Ош шаарына бергенбиз. Андан калган 52 троллейбусту электробус кылып жасоого даярдык көрүп жатабыз. 2017-жылы чыгарылган троллейбустар буга ылайыктуу экен. Аларга батерейка коюп, шаардык каттамдарга чыгарууга аракет кылабыз”, - деди Ырсалиев.

Ордо калаада буга чейин күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгып келген. Ток менен жүргөн бул унаалар былтыр токтотулуп, анын линиялары шаар ичинен алына баштаган.

Буга чейин Бишкек Ошко 100, Нарынга 6, Баткенге 10 троллейбус берген.