Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп расмий өзгөрткөнүн бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Мындай чечимге кечээ же бүгүн эле келе калган жокмун. Көптөн берки кыялым эле. Чындыгында аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев менен бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече вариант берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм", - деп жазды төрага.

Былтыр жыл соңунда Жогорку Кеңеш кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Документте жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталган.