18-19-январь күндөрү “Газпром” спорттук комплексинде дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Мелдешке Республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалдык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг ;
Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг.
Мелдештин програмасы:
Башталышы: 18-январь, саат 10:00;
Салтанаттуу ачылыш аземи: 18-январь, саат 15:30.