Өлкө ичинде биринчилерден болуп Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын серология бөлүмү эл аралык аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу аталган лабораториянын жетекчиси Ишенбек Алмамбетов билдирди.
Сертификат Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан берилди. ISO/IEC эл аралык сертификаты аркылуу эми облустун экспорттук мүмкүнчүлүгү жогорулап, изилдөөдөн ийгиликтүү өткөн продукциялар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко тоскоолдуксуз чыгат.
Буга чейин лабораторияга Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестеги атаандаштыкты колдоо борбору тарабынан ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келе турган 3 миллион 354 миң сомдук жаңы жабдуулар алынып, шарттар жакшырган. Аталган лабораторияда беш бөлүм иштеп, бардык мал жандыктардын, жаныбарлардын бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык ооруларын аныкташат.
Ошондой эле тамак-аш коопсуздугун алдын алууда эт, сүт, жумуртка, балык, бал сыяктуу бир катар айыл чарба азыктарындагы антибиотиктердин калдыктарына, тамак-аштын жарактуулугуна изилдөө жүргүзүлөт.