Бүгүн Талас районунун Бал-Бал айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Фельдшердик-акушердик пункт бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган жана сапаттуу биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык талаптарга жооп берет.
Элеттеги жаңы ачылыган бул медициналык жайды курууга “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду каржылык колдоо көрсөткөн. Министр өз сөзүндө фондго ыраазычылык билдирип, аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты министрликтин ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.
Буга чейин элеттиктер шарты жок эски имаратта медициналык жардам алып келген. Бал-Бал айылында 1400 адам жашайт.