Өлкөдө учурда социалдык маанилүү товарлардын, анын ичинде күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы туруктуу сакталууда. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын талдоо, отчеттулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Карлыгач Айдарова билдирди.
Башкы адис учурда социалдык маанидеги товарлардын кору жетиштүү экенине да токтолду: “Бүгүнкү күндө негизинен социалдык маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жума сайын мониторинг жүргүзүлөт. Эгер баалар кескин көтөрүлгөн учурда аталган кызмат тарабынан мониторинг күн сайын жүргүзүлөт. Биздин кызматкерлер сатуучулар, товарларды алып келүүчүлөр жана ортомчулар менен биргеликте иш алып барат. Бүгүнкү күндө кумшекер, ун, эт, буудай, жумуртка, сүт, май, нан жана күрүчкө туруктуу баа сакталууда”.