Жаңылыктар
УКМК: 3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: 3 млн.750 миң сомдук  балдар бакчасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

УКМК Сумбула айылында (мурда - Анар) курулган бала бакчанын 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө  Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.

Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалууда.