Жаңылыктар
“Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору февралда ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
 “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору февралда ишке кирет

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 2024-жылы жалпы 4 миллиард 862 миллион сомду түзгөн 12 108 насыя берилди. 

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кадим Арстанбеков Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, каражаттын 481 миллион сому өсүмдүк өстүрүүчүлүккө, 4 миллиард 380 миллион сому мал чарбачылыгына багытталган. 

Натыйжада бөлүнгөн каражаттын 97 пайыздан ашыгы өздөштүрүлгөн. Долбоордун алкагында дыйкан, фермерлерди каржылоого 5 миллиард сом каралган.

Учурда “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорун иштеп чыгуу аракети көрүлүүдө. Долбоор февраль айынын башында ишке кирип, насыя бериле  баштайт.  Анда дыйкан, фермерелрди колдоо максатында насыяларды берүү мөөнөтү менен суммасында өткөн жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөр болот.