Улуттук статистикалык комитет 2024-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашканын маалымдады.
Өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга өстү. Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 18,0 пайызды, дүң жана чекене соода – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 6,3 пайызды түздү.
2024-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,3 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 11,4 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 5,1 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 5,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер – 8,1 пайызга жогорулады.
Кыргызстандагы товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3 пайызга өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 0,8 пайызгы төмөндөдү.