Нарын облусунун аймагында биргелешип коррупцияга каршы аракеттенүү иш-чараларын алып баруу максатында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын демилгеси менен укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.
Анда акыркы үч жылда коррупция менен күрөшүү, аны алдын алуу багытында жасалган иштер тууралуу айтылып, ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кылмыш жаза кодексинин коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамына киргизилген өзгөрүүлөр жана толуктоолор боюнча маалымат берилди.
Жыйында буга чейинки облуста катталган коррупциялык фактылардан мисал келтирилип, мындан ары мындай көрүнүштөрдө жаза чара айып менен чектелбестен катуу жазаланары эскертилди. Ошондой эле жаңы мыйзамдын негизинде коррупциялык иштерге аралашкан адамдар сот жообуна тартылаары жана үй-бүлөсү, жакындары мамлекеттик кызматка бара албай турганы түшүндүрүлүп, жемкорлуктан оолак болуп, мыйзам бузууга жол бербөөгө чакырышты.
2024-жылы Коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамынын алкагында Нарын облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 33 миллион сомдун тегерегинде акча өндүрүлгөн. Ал эми Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын алкагында 5 миллион сомдон ашык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзам алкагында 25 миллион сом акча каражаты өндүрүлүп мамлекетке кайтарылган.
Жалпысынан 489 кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылса, анын ичинен 400ү административдик айып тарткан. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы сметалык баасы 2 млрд. 756,8 млн. сомдук 14 кыймылсыз мүлк объектилери мамлекеттин балансына кайтарылып, каттоого алынган.