Быйылкы кышта Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 1, Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда 2 жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу бүгүн облустук бийликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мөңгү тоңдуруу жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда.
Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстыгын чечүүнүн жолу катары каралып жатат. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт.
Буга чейин Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында пилоттук негизде мөңгү тоңдурулган. Учурда облус аймагында аны жайылтуу иш аракеттери жүрүүдө.