Жалал-Абад шаары Түрк мамлекеттери уюмунун туристтик борбору деген макамды Казакстандын Түркстан шаарынан өткөрүп алды.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, Түркстан шаарында жаңы статусту ырастаган символикалык ачкычты тапшыруу аземи өтүп, ага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Экономика жана коммерция министрлигинин Жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев, Түркстан шаарынын акими Азимбек Пазылбекулы катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө тараптар Түркстан жана Жалал-Абад шаарларынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жалал-Абадга жаңы статустун ыйгарылышы анын бириктирилген аймактык коомчулуктун алкагында туризмди өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгилеп, аймакты алдыга жылдыруунун жаңы перспективаларын ачат.