Экономика жана коммерция министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну 2025-жылдын 15-февралына чейин узартты.
Көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баанын спекулятивдик өсүшүн алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактары үчүн көмүрдүн максималдуу чекене баасы белгиленди.
Көмүрдүн баасы бир нече факторлордон көз каранды:
казылып алынган жерден алыс жайгашуу: сатуу пункту канчалык алыс болсо, ташуу чыгымы ошончолук жогору болот;
казып алуу ыкмасы: Кара-Кече сыяктуу ачык казылган көмүр кендери өздүк бааны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми кол менен казылган шахталык көмүр, мисалы, "Жыргалан" жана "Сүлүктү" көмүрү, кымбатыраак болот;
сактоо жана сатуу шарттары: атайы аянтчалардын жана логистикалык шарттардын болушу көмүрдүн акыркы баасын жогорулатат
Аймактар боюнча көмүрдүн баалары:
Көмүрдүн эң төмөнкү баасы Нарын облусунун Жумгал районунда — 3 900 сом/тоннасына. Эң жогорку баа Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында «Жыргалаң» разрезинен алынган жергиликтүү көмүргө белгиленген — 10 200 сом/тоннасына.
Импорттук көмүрдүн эң арзан баасы Чүй облусунда — 6 300 сом/тоннасына, ал эми эң кымбат баасы Талас районунда — 9 600 сом/тоннасына. Түштүк аймактарда көмүрдүн баасы Чоң-Алай районунда 4 200 сом/тоннадан башталып, Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорунда 9 000 сом/тоннага чейин жетет.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күн сайын бааны көзөмөлдөп, белгиленген чектен ашпоо үчүн мониторинг жүргүзүп турат. Эреже бузуулар аныкталган учурда мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.