Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге үч бөлмө үй берди
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге үч бөлмө үй берди

Бүгүн УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды.

2024-жылдын 23-декабрында бул жарандан жардам сураган кайрылуу келип түшкөн. Ал өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.


Нурзат Нуржанова 1991-жылы 5-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн.  Туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган. Жолдошу А.К.Мурзабеков 1990-жылы 13-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден соолугуна байланыштуу оор физикалык жумуш менен алектене албайт. Бул үй-бүлө 6 баласы менен Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылында ижарага алынган үйдө жашайт.


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты. Нурзат Нуржанова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.